super.kg logo

Махачкалада эки жерде газдан улам катуу жарылуу болду (видео)

 

Дагестандын Махачкала шаарында эки жерде газдан улам катуу жарылуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча, 6 жаран жабыркагандыгы айтылды. Бул туурасында Mash Телеграм каналы билдирди.

Маалымдалгандай, окуянын бири көп кабаттуу үйдө катталган. Анда батирде газ жарылып, өрт каптаган. Каргашалуу окуядан эки жаран жабыркап, үйдүн ээси оор абалда экендиги айтылды. Ал эми көп кабаттуу үйдөн 160тан ашуун адам эвакуацияланып, 10дон ашык унаа талкаланган. Мындан тышкары жанындагы батирлердин терезелери сынган. Алдын ала маалымат боюнча, ал көп кабаттуу үйлөр толук бүтпөй, газ киргизилген эмес. Бийлик өкүлдөрү жашоочулар газ баллондорду өз билемдик менен киргизип алгандыгын кошумчалаган.

Ал эми экинчи окуя тез тамактануучу жайда орун алган. Ал жерде 4 адам жабыркады.

Белгиленгендей, эки жерде тең учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.






25.03.25

25.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: