super.kg logo

Президенттин колдоосу менен имамдарга унаа тапшырылды (видео, фото)

 

Бүгүн, 25-мартта президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жалпы өлкө аймагындагы 9 казыга жана 40 райондун баш имам-хатибдерине кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Маалыматка ылайык, ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 40 унаанын 20сы былтыркы жылдын 18-декабрында тапшырылган болсо, 29у бүгүн берилди. Бүгүнкү иш-чарага дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов, муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана башка дин кызматкерлери катышкан.

Унааларды тапшырууда Юсупов дин кызматкерлерине президенттин саламын жолдоп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашып жатканын, бул демилге анын жемиши экенин билдирсе, Закиров унаалардын тапшырылышы дин кызматкерлеринин жумушун жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгилеген.

"Иш-чаранын негизги максаты – аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү, оптималдаштыруу жана элге ыңгайлуу, сапаттуу диний кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп саналат. Кызматтык унаалар аймактагы дин кызматкерлеринин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткарышына мүмкүнчүлүк түзмөкчү", - деп айтылат маалыматта.






25.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: