Лукашенко дүйнөнүн жарымы Беларустагыдай диктатураны кыялданарын айтты
Жетинчи жолу кайрадан Беларустун президенттигине шайланган Александр Лукашенко дүйнөнүн жарымы өз өлкөсүндөгүдөй диктатураны кыялданарын айтты.
"Дүйнөнүн жарымы биздин диктатурабызды кыялданат. Бул биздин элдин чыныгы иштеринин жана кызыкчылыктарынын диктатурасы. Бизде сөз эркиндиги өзүн демократиянын эталону деп атагандарга караганда жакшыраак", - деген ал инаугурациясында.
Айта кетсек, Александр Лукашенко бүгүн, 25-мартта Беларустун президенти кызматына расмий киришти. Анын инаугурациясы Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында өттү. Беларус өлкөсүндөгү президенттик шайлоо ушул жылдын 26-январында өткөн. Анда Лукашенко шайлоочулардын 86,82 пайыз добушун топтоп, жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.