super.kg logo

Жарым кылымдан ашык өлүм жазасын күткөн япониялык жаранга миллион доллар берилмей болду

 

Башка бирөөнүн кылмышы үчүн өлүм жазасын 56 жыл күткөн япониялык 89 жаштагы Ивао Хакаматага рекорддук компенсация 217 миллион иен (болжол менен 1,44 миллион доллар) төлөнүп берилмей болду. Бул тууралуу Киодо агенттиги юристтерге таянуу менен билдирди.

Ивао Хакамате 1966-жылы камакка алынган. Анда ал жетекчисин, аялын жана алардын эки баласын өлтүргөн деп айыпталган. Ошондой эле аларды тоноого дагы айыпталган. Үч жумадан кийин ал күнөөсүн мойнуна алган, бирок соттук териштирүүдө ал кыйноо астында кылмышты моюнуна алганын айткан.

2014-жылы гана кылмыш болгон жерден алынган ДНК Хакаматанын ДНКсына дал келбей турганын далилдөөгө мүмкүн болгон. Андан кийин ал бошотулган. Бирок сот процесси 2023-жылга белгиленген болчу. Ал эми буга чейин бул соттук териштирүүдө үч далил бурмаланганы далилденген. Жыйынтыгында былтыр күзүндө ал акталган.

Адвокат 2025-жылдын башында компенсация төлөп берүү боюнча доо арыз менен сотко кайрылган. Жыйынтыгында сот ага 1 миллион 440 миң доллар компенсация төлөө чечимин чыгарган.

Учурда Хакамата 89 жашта. Ал эми өмүрүнүн жарымынан көбүн өлүм өкүмүнүн аткарылышын күтүү менен өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: