АКШдан Кытайга учуп бара жаткан учак учкучтун паспорту үчүн артка кайткан
Лос-Анжелестен Шанхайга багыт алган United Airlines авиакомпаниясынын Боинг 787 учагы учкучтардын бири паспорту жок учуп кеткени аныкталгандан кийин артка бурулууга аргасыз болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, учактын бортунда 257 жүргүнчү жана 13 экипаж мүчөсү болгону такталды. Асманга көтөрүлгөндөн кийин эки саат өтүп, учак Сан-Франциского багыт алды.
"Ошол эле күнү кечинде жүргүнчүлөрдү көздөгөн жерине жеткирген жаңы рейс уюштурдук. Кардарларга тамак-аш талондору жана компенсациялар берилди", - деп айтылат авиакомпаниянын маалыматында.
Натыйжада учак Шанхайга пландалгандан алты саат кеч конгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.