super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо максатында жана 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.

"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимдик-укуктук жана ченемдик-укуктук базаны түзүү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган, эки мамлекеттин жарандары үчүн, өзгөчө чек арага жакын аймактардагы жарандар үчүн жагымдуу шарттарды, ошондой эле мындан аркы эки мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу социалдык, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкка өбөлгө түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: