Кара-Балтада бир катар имараттардан бомба изделип, табылган жок



Кара-Балта шаарында бир катар имараттарга бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-март күнү саат 14:48 чамасында милиция Жайыл РИИБинин имаратына, Кара-Балта шаарындагы Маданият үйүнө, "Ярмарка" соода борборуна жана №1, 5, 6 мектептерге жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Мындан улам аталган жайлар укук коргоо кызматкерлери тарабынан дароо кучоого алынып, жеринде сапёрлор иштеген.
Милиция кызматкерлери менен УКМК биргеликте тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында жардыруучу зат бар экендиги тастыкталган эмес. Учурда жалган маалыматты кабарлаган кылмышкерлерди аныктоо жана кармоо иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.