Кыргыз курамасынын коргоочусу Мищенко ата боло турганын Катар менен беттеште жарыялады (видео)
Кечээ, 25-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Александр Мищенко Катар менен беттеште киргизген голун жубайына арнап, ата статусуна ээ боло тургандыгын жарыялады.
Ал гол киргизгенден кийин оюн талаасында жубайына салам жолдоп, анын боюнда бар экендигин билдирип, жакшылыгын жалпы күйөрмандар менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, улуттук курама команданын коргоочусу Александр Мищенко 2024-жылдын июль айында Айжаркын аттуу сүйлөшкөн кызынын колун сурап, кийин баш кошушкан.
Ал эми Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында кечээ, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курумасы Катардын оюнчуларын кабыл алды. Беттеш 3:1 эсебинде "Ак шумкарлардын" жеңиши менен жыйынтыкталды.
26.03.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.