super.kg logo

Германиядагы жаңы бийлик. Шольцтун өкмөтү отставкага кетти

 

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Германиянын канцлери Олаф Шольцко жана анын 14 министрине кызматтан кетүү катын тапшырды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, өлкө башчысы Шольцтун командасына ыраазычылык билдирип, анын башкаруусундагы өкмөт чечкиндүү кадамдарды жасагандыгын айткан.

"Германиянын өкмөтү катары көп учурда абдан тез жана чечкиндүү иш-аракет кылууга туура келди. Тактап айтканда, COVID-19 пандемиясы, Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактар ​​боюнча бат кадамдар ташталды", - деп белгилеген Штайнмайер.

Кызматтан бошотуу каттарын тапшыруу аземи Берлиндеги Бельвю президенттик сарайында өттү.

Белгилей кетсек, 25-мартта февралдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгында түзүлгөн Бундестагдын жаңы курамы алгачкы жыйынына чогулуп, төрагасын шайлады. Өкмөт отставкага кеткени менен, канцлер Олаф Шольц башчылык кылган министрлер коалициялык сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин жана министрлер кабинетинин башчысынын постуна христиандык-демократиялык партиянын лидери Фридрих Мерц дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: