Баткенде мандарин өстүрүү пландалууда
Быйыл Баткен облусунда мандариндин жаңы сортторун сыноодон өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган өсүмдүктүн көчөттөрү өлкөгө Түркиядан алынып келинет.
"Түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда", - деген министрлик.
Эгер сыноолор ийгиликтүү өтсө, өлкөнүн ички рыногунда жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.