super.kg logo

Бишкек шаарында кезектеги жер тилке мүлктөрү менен мамлекетке алынды (видео)

 

Бишкек шаарында 3 гектар жер тилкеси мүлктөрү менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат А.Ж. акционердик коомунун ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүп, акционердик коом убагында мамлекеттин жерин төмөндөтүлгөн нарк менен алып койгонун аныктаган.

Тагыраагы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "А.Ж." АКсына (мында акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча орган болгон) транспорт ишканасын түзүү жана унаа токтотуу үчүн максаттуу багыты бар 5,5 гектар жер тилкесин өткөрүп беришкен. Кийин мүлктү мамлекеттин менчигинен ажыратуу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органга таандык акциялардын үлүшү акционердик коомдун башка катышуучулары тарабынан төмөндөтүлгөн баада сатылып алынган.

Мунун бардыгы аныкталган соң аталган объектинин ээси мүлккө ээлик кылуу укугу мыйзамсыз экенин түшүнүп, акционерлер менен биргеликте аянты 5,5 гектар жер тилкесин бөлүп берүү жана бардык курулуштары менен 3 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү чечкен. Объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлгөн.






26.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: