Нарында эски көрүстөндүн ордуна сейил бак курулмай болду



Нарын шаарында жайгашкан эски көрүстөн түздөлүп, ордуна сейил бак курула турган болду. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Матен Сыдыков аймагындагы көрүстөн акыркы 50 жылдан бери пайдаланылбай келген.
"Жергиликтүү тургундардын кайрылуусуна ылайык Нарын шаарынын мэри Канболот Тутев эски көрүстөн жайгашкан жерди көрүп, түздөө иштери менен кошо, айланасындагы каралбаган курулуштарды алуу, таштандыларын чыгарып, иретке келтирүү иштерин тийиштүү мекеме башчыларына тапшырды", - деп билдирди мэрия.
Аталган жайга куран окутулуп, көрүстөндү бузууда дин кызматкерлеринин кеңеши менен тийиштүү ырым-жырымдарды жасоо белгиленгени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.