super.kg logo
  Саясат  

“Акылай” акылдуу колонкасы..." Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына барды

 

Бүгүн, 26-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Касмалиев парктын жаңыланган инфраструктурасы менен таанышып, жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгын көрдү. Анда ЖТПнын жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик тилде сүйлөгөн “Акылай” акылдуу колонкасы тууралуу маалымат берилди.

Мекеменин директору Азис Абакиров уюмдун 2024-жылга карата аткарган ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, негизги көрсөткүчтөргө, анын ичинде адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана IT-секторуна инвестиция тартууга басым жасады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн мекеменин стратегиялык маанисин ырастап, мамлекет менен IT-коомчулугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө паркты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде инвестицияларды тартуу, IT-билим берүүнү стимулдаштыруу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Министрлер кабинети бул багыттарды ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү көздөй тургандыгы маалыматта кошумчаланган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: