"Аткарылбаган иштерди кабыл алып..." Жалал-Абаддын капиталдык курулушунун жооптуу кызматкерлерине иш козголду

Маалымдалгандай, аталган кызмат адамдары “Ф” ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алып, Ынтымак айылындагы М.Төрөмаматов орто мектебинде иш жүзүндө аткарылбаган иштерин кабыл алган. Анын натыйжасында мамлекетке жалпы 2 миллион 640 миң 980 сомдук зыян келтирилгени аныкталды.
Мындан тышкары 1 миллион 188 миң сомдук 250 киловатт генераторду 2 миллион 30 миң сомго сатылып алынган деп көрсөтүлгөн.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379-беренеси (Документ жасалмалоо) жана 210-беренеси (Мүлктү ыйгарып алуу) менен кылмыш иши козголгон. Материалдар тергөө үчүн Жалал-Абад ОИИБине жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.