super.kg logo

"Жолдошумду айыктыруу үчүн табыпка 150 миң сом берип, карызга баттык" дейт Венера айым (видео)

 

SUPER.KG порталынын Тагдыр берүүсүндө бул жолу алты балалуу үй-бүлөнүн жашоо шарты тууралуу сөз кылабыз. Венера айым жолдошунун ден соолугуна байланыштуу үй-бүлөнүн түйшүгүн моюнуна алган. Ал учурда тапкан-тергенин балдарына жеткире албай убара болуп жатканын айтат.

Анын айтымында, бир кезде жолдошун дарылатуу үчүн насыя алып, күрөөгө коюлган үйүн алдырышкан. Азыркы кезде үй-бүлө Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келет.

"Буга чейин Жалал-Абад облусунда үйүбүз бар болчу. Жолдошум катуу ооруган кезде үйдү күрөөгө коюп насыя алганбыз. Ооруканага, табыптарга барып дарылаттык. Жыйынтык болгон жок. Насыядан насыя алып, аны төлөй албай калдык. Ошентип үйүбүздү алып коюшту. Бир табыпка барганда "бир жумада айыктырып, бастырып жиберебиз" деп 150 миң сураган. Тескерисинче, абалын андан дагы начарлатып жиберишкен. Акчабызды кайра кайтарып ала алган эмеспиз", - дейт ал.

Тагдырды толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

О!Деньги: +996705291013

VISA: 4728880085959334

р/с: 1033020060219769






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: