super.kg logo

Казакстанда 12 жаштагы кыз төрөгөн. Сот шектүү жигитке өкүм чыгарды 

 

Бүгүн, 26-мартта Казакстандын Павлодар облусунун соту 12 жаштагы кызды зордуктаган 17 жаштагы өспүрүмгө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын июль айында 12 жаштагы окуучу кыз төрөгөн. Мындай маалыматты Билим берүү башкармалыгы тастыктап, өспүрүм эне бир айдан кийин 13 жашка толо турганын билдиришкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кыздын 17 жаштагы тууганы кармалган.

Ал эми сот бир жылга жакын убакыттан кийин "Жашы жете элек баланы зордуктоо" жана "Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" деген беренелер менен 17 жаштагы өспүрүмдү күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Соттолгон адам жазасын орточо коопсуздук мекемесинде өтөйт. Сот өспүрүмдүн жашы жете электигин жана экинчи топтогу майып экенин эске алып, ишин жеңилдетүү менен караган.

Ал эми айрым жергиликтүү басылмалар, жашы жете элек эне менен наристенин абалы жакшы экенин жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: