Балыкчыдагы эт комбинат 100 пайыз мамлекетке өттү




Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан, мурда “Рыбачы эт комбинаты” болуп саналган, аянты 10,7 гектар болгон "Балыкчы эт комбинаты" ЖЧКсынын 100 пайыз акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Тактап айтканда, УКМК 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейинки мезгилде У.С.И. аттуу жаран «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп туруп, айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган өнөр жай объектисин жана жер участогун мыйзам бузуу менен мамлекеттик баланстан чыгарылгандыгын аныктаган.
Жыйынтыгында "Балыкчы эт комбинаты" 100 пайыз мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.