Кичиндин Катарга киргизген голу учуп бараткан учакта айтылды (видео)
Кечээ, 25-мартта Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Катар курама командаларынын беттешинин биринчи таймы бүткөнү калганда оюнчу Валерий Кичиндин киргизген голу учуп бараткан учакта да айтылды.
Социалдык баракчаларга тараган видеодо стюардесса улуттук курама команда жараткан алгачкы голду жарыялаганын байкоого болот. Анда жүргүнчүлөр жалпы сүйүнүп, кубанышкан.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курамасы Катардын оюнчуларын кабыл алды. Беттеш 3:1 эсебинде "Ак шумкарлардын" жеңиши менен жыйынтыкталды.
Кыргызстан менен Катардын беттешиндеги биринчи гол асманда да айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.