super.kg logo

Трамп Орусия ок атышпоо боюнча келишимди атайлап кечеңдетип жатканын айтты 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия Украина менен тынчтык келишимин түзүүнү кечеңдетип жатканын айтты. Мындай пикирин Трамп кечээ, 25-мартта жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде билдирген.

Трамптын айтымында, Орусия тарап согушка чекит койгусу келет, бирок убакытты атайлап созуп жатат.

"Менин оюмча, Орусия бул жаңжалды токтоткусу келет, бирок алар убакыт үчүн ойноп жатат. Мен дагы бир топ жыл мурун ушундай кылгам. Келишим түзгүм келбейт, оюнда калгым келет, бирок аягында аны дагы кылгым келбейт", - деген Трамп.

Ошондой эле Трамп эки тарап тең орто эсеп менен жума сайын жалпысынан эки жарым миң аскерин жоготорун, согушта тартылган үрөй учурган сүрөттөрдү көрүп жатканын, буга чекит коюлушу керектигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 24-мартта Эр-Рияддагы орусиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрү болуп, ал 12 саатка созулганы айтылган.

Ал эми ага чейин 23-мартта АКШ менен Украинанын өкүлдөрү Эр-Риядда жолугушкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: