super.kg logo
  Спорт  

"Тең чыгуу жетиштүү". Өзбекстан канткенде Дүйнө чемпиондугуна чыгат?

 

Коңшу Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тарыхта алгачкы ирет Дүйнө чемпиондугуна чыгууга бир гана кадам жетпей турат.

Тагыраагы, Өзбекстан кечээ 25-мартта өткөн Иранга каршы оюнда 2:2 эсебинде тең чыгып, дагы бир маанилүү делген упайды алды. Кечээ күнкү оюнда БАЭ курамасы Түндүк Корея менен тең чыгып, же жеңилгенде Өзбекстан Дүйнө чемпиондугуна чыкмак. Бирок, БАЭ кошумча убакытта гол киргизип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Ошентип, учурда "А" тайпасында абал мындай: Иран – 20 упай (Дүйнө чемпиондугуна чыкты), Өзбекстан – 17 упай, БАЭ – 13 упай, Катар – 10 упай, Кыргызстан – 6 упай, Түндүк Корея – 3 упай.

Тогузунчу турда Өзбекстан курама командасы БАЭ менен ойнойт жана бул оюнда тең чыгуу эле Өзбекстанды Дүйнө чемпиондугуна алып чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: