super.kg logo

Мэрия Бишкектеги айрым үйлөрдө эмне үчүн ысык суу төмөндөгөнүн түшүндүрдү

 

Бишкек шаарында жылытуу мезгили аяктагандан кийин айрым керектөөчүлөрдүн үйлөрүндө ысык суунун температурасы убактылуу төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирип, анын себебин айтты.

Биринчи себеп – ысык суунун жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) керектөөчүнүн кранына жеткенге чейинки түтүктөрдө табигый муздашы. Кышында жылытуу мезгилинде, эки түтүктүү циркуляциялык режимде, ЖЭБден керектөөчүгө чейинки суу температурасынын төмөндөшү орточо 3-5 ℃ ашпайт.

Бирок жаз жана жай мезгилинде, жылуулук түйүндөрү бир тараптуу (тупиковый) схема менен иштегенде жана суу агымы 3-4 эсеге азайганда, кыйла муздай баштайт. Түн ичинде, ысык суу дээрлик колдонулбаган учурда, анын температурасы дагы да төмөндөйт.

Экинчи себеп – турак жайларда электр суу ысыткычтарынын, душтардын массалык түрдө орнотулушу, же иштебей калган аралаштыргычтар да себеп болот.

"Бул жабдууларды туура эмес колдонуу муздак суунун үйдүн ысык суу түтүктөрүнө өтүшүнө алып келип, тургундардын даттануусуна себеп болот. Бир эле туура эмес орнотулган суу ысыткыч бүтүндөй үйдүн ысык суу менен камсыздалышын бузушу мүмкүн. Мындай учурлар, айрыкча, жылуулук түйүндөрү капиталдык оңдоодон кийин кайра ишке киргизилгенде көп кездешет, анткени көпчүлүк тургундар суу ысыткычтарын туура өчүрбөй коюшат", - деп билдиришти мэриядан.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы ысык суу менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында үй комитеттери менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: