Абактарга дрон менен баңгизат киргизип жүргөн жигит кармалды
Бишкек шаарында абактарга баңгизат киргизип келген деген шек менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында аны кармап, жанынан баңгизат табышкан. Андан соң шектүүнүн жашаган үйүн тинтүүгө алышып, кызматтык иттин жардамы менен эки скотчко оролгон кутуча маңгаз табышкан. Жалпысынан андан 3 килограмм 84 грамм баңгизат алынган. Дайындалган экспертиза алардын гашиш экенин аныктаган.
Мындан тышкары анын үйүнөн дрондор да табылган. Ал аталган учуучу аппараттарды түрмөлөргө баңгизат жана башка буюмдарды киргизүүдө колдонуп келгени белгилүү болгон. Кармалган жаран камакка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.