super.kg logo

"165 миң сом котортуп". УКМК Бишкекте мурдагы тергөөчүнү кармады (видео)

 

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кызматынан убактылуу четтетилген милициянын улук лейтенанты Ч.Н. коркутуу жолу менен Ш.А. аттуу жаранга кылмыш ишин тергеп жатканын айтып, андан 2500 доллар талап кылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү талап кылган сумманын 165 миң сомун электрондук капчыкка котортуп алгандан кийин кармалып, тергөө абагына киргизилген.

"Буга чейин аталган тергөөчүгө карата Бишкек ШИИББ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Документтерди жасалмалоо", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген. Бирок Ч.Н. өзүнө тыянак чыгарып, дагы бир кылмышка барган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.






27.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: