super.kg logo

"Туулган күнүмдү Нооруз сыяктуу майрам дептирмин". Актёр Жаныш Майр 35 жашка толду 

 

Бүгүн, 27-мартта тамашоучу, актёр Жаныш Майрамбек уулунун (Жаныш Майр) туулган күнү. Ал бул жылы 35 жашка толду. SUPER.KG порталы актёр мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, маанайы керемет экенин билдирди.

"Туулган күндүк маанай эң сонун. Баары жайында, керемет. Туулган күнүм кадыр түнгө туш келгендиктен, каалоо-тилектерди шефке эле айттым.

Мен бала чагымда туулган күнүмдү Нооруз же айт сыяктуу майрам окшойт деп ойлочумун. Элдин баары мени менен бирге майрамдайт дептирмин", - дейт Жаныш Майрамбек уулу.

Ал эми актёр мырзадан эң эсинде калган туулган күнүн сураганыбызда, студент кезиндеги күндөрүн эске салды.

"Балалыктан чыгып, жогорку окуу жайда өткөргөн туулган күнүм эсимде. Анда досторум менен өзүмдү чоң адамдардай сезип жүргөн кез. Азыр ойлоп көрсөм, ал кезде балалыгымдын экинчи этабы гана башталган экен да", - деп эске сала кетти.
Жаныш Майрамбек уулу 1990-жылы 27-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кара-Шаар айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырып, окуусун аяктаган.
Ал "Тамашоу" долбоорундагы “Ак кеме” командасынын капитаны болгон. Ошол кезде команда менен 2008-жылдын 1-ноябрында биринчи жолу эл алдына чыккан. Андан кийин "Гонщик таксист", "Кекеч", "Мегатой" жана башка бир нече
тасмаларда роль жараткан. Ошондой эле "Эл эмне дейт?" юмористтик теледолбоорунда кайнененин ролун жаратып, өз күйөрмандарын дагы бир жолу таң калтыра алган.
Белгилей кетсек, актёр 2021-жылы Алина аттуу кызга үйлөнгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: