super.kg logo

ӨКМге караштуу башкармалыктын мурдагы жетекчиси кармалды (видео)

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Д.К. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош аймактык башкармалыгынын юристи болуп турганда, тагыраагы, 2021-жылы өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, курулуш компаниялардын биринин директорунан 14 миң доллар алган. Ал бул үчүн компаниянын жетекчисине Ош шаарында көп кабаттуу үй курууга мамлекеттик органдардан керектүү документтерди тоскоолдуксуз алып берген.

Мындан тышкары ал кызматы үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир талап кылып, күрөө катары Toyota 4Runner үлгүсүндөгү жол тандабасты алып, аны жакын тууганына каттаткан. Бирок Д.К. ага берген кийинки убадаларын аткарган эмес жана алынган акча каражаттарын кайтарган эмес.

УКМК ал тергөө абагына киргизилгенин, учурда иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: