super.kg logo

Нарында катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти 

 
Бүгүн, 27-мартта Нарында катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылындагы 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.
"Шамал басылгандан кийин жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт", - деп билдирди ӨКМ.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда оор жүк ташуучу унаалар шамалдан улам оодарылып калгандыгы айтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: