Азия кубогуна тандап алуу. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы кимдер менен беттешет?
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы 2026-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарында "D" тайпасына түштү. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.Маалымдалгандай, бүгүн, 27-мартта чүчү кулак тартуу аземи орун алды. Анын жыйынтыгында курама Кытайлык Тайбэй, Индонезия жана Пакистан менен бирге жайгашты. Тандап алуу оюндарга 33 курама катышып, 8 тайпага бөлүндү.
"Кыз-келиндер арасындагы Азия кубогунун тандап алуу оюндары 23-июндан 5-июлга чейин Индонезияда орун алат. Ал эми турнирдин финалдык этабы 2026-жылдын 1-21-март күндөрү Австралияда өтүп, ага жалпысынан 12 курама катышат. 8 курама тандап алуу оюндары аркылуу жолдомо үчүн күрөшсө, Австралия, Жапония, Түштүк Корея, Кытай ага автоматтык түрдө катышат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















