super.kg logo

Акылбек Жапаровдун үнү Кытайдан чыкты

 

Социалдык тармактарда мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун видеосу тарап жатат.

Ал арада "Азаттык" Жапаров Кытайдын Боао шаарында өтүп жаткан Азия экономикалык форумуна катышып жатканын жазды. Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы маалымат каражаттардын бирине берген маегинде АКШнын администрациясынын кээ бир өлкөлөр менен соодада пошлина киргизүүсүнөн улам Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) айрым принциптери тобокелчиликке туш болгонун айтканын угууга болот.

Ошондой эле ал кырдаалды эске алганда аталган форум жаңы байланыштар үчүн маанилүү экенин белгилеп, Кытайды "лидерлик позицияда" деп сыпаттаган.

Эске салсак, Акылбек Жапаров былтыркы жылдын аягында кызматтан алынып, "Ынтымак ордодон" кол чабуулар менен узатылган. Президент Садыр Жапаров ал Салык кызматындагы жемкорлук иштерден улам кызматтан алынганын айткан. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында салык чөйрөсүндөгү аткезчилик иштерден улам өлкө казынасына 30 миллиард сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирген.

Ошентип, Жапаров алгач башка кызматка өткөнүнө байланыштуу деген жүйө менен ээлеген кызматынан алынганын эске алган учурда дагы ал кайсы кызматка барганы жана кайда экени белгисиз болуп келген. Коомчулукта аны АКШда деген кептер да айтылып келген.






27.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: