super.kg logo

Түркияда нараазычылык ациясына катышкан 2 миңге жакын адам кармалды 

 

Учурда Түркиянын Стамбул шаарында массалык нааразылык акциялары уланып, ага катышкан 2 миңге жакын адам кармалды. Бул тууралуу BBC түрк басылмасы жазды.

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая маалымат берип, нааразылык акцияларына катышкан 1879 адам кармалганын билдирген.

Мындан тышкары ал 260 жаран камакка алынганын жана кармалгандардын арасында 12 түрдүү террордук уюмга тиешеси барлар бар экенин айтып өткөн.

"Адилеттүүлүк көчөдө эмес, сот залында орнойт. Көчөгө чыгуу менен эч ким акыйкатка жете албайт. Көчө митинги менен мыйзамды басууга аракет кылуу эч кимге пайда алып келбейт", - деп кошумчалаган ал.

Ошондой эле бүгүн, 27-мартка карата 150 полиция жаркат алганын билдирген.

Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Анын кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: