super.kg logo

Египетте бортунда 45 адам бар батискаф чөгүп кетти. Каза болгондор бар 

 

Бүгүн, 27-мартта Египеттин Хургада шаарында бортунда орусиялык 45 жаран, анын ичинде балдар да бар саяякаттоочу батискаф чөгүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ​​ушундай эле аталыштагы мейманканага тиешелүү "Синдбад" батискафы жээктен бир чакырым алыстыкта 25 метр тереңдикте суу астында саякаттап жүргөн. Анын бортунда жаш балдар менен чогуу 45 адам болгон. Алардын баары Орусиянын жарандары.

Батискаф кырсыкка кабылып, ичине суу толо баштаган. Мындан улам 6 адам каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алган. Учурда жаракат алгандар жакын жердеги мейманканаларга жана ооруканаларга жеткирилди.

Алардын баары Египетке "Biblio Globus Egypt Tours" компаниясы менен келишкен. Ал эми батисаф менен суу астында экскурсия мейманкананын өзүндө өзүнчө сатылып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: