super.kg logo

Ортодо башка өлкөлөр ортомчу... Иран Трамптын катына жооп катын жөнөттү

 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ президенти Дональд Трамптын катына жооп жөнөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

"Трамптын катына расмий жооп шаршембиде Омандын ортомчулугу аркылуу жөнөтүлдү", - деген ал.

Министр жоопто эки документ бар экенин, анын биринчисинде Тегерандын дүйнөдөгү азыркы кырдаалга көз карашы белгиленгенин, экинчисинде Трамптын катында камтылган тезистер толугу менен талданып, комментарийлер берилгенин айткан.

Эске салсак, март айынын башында Трамп Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган кат жөнөткөнүн билдирген. Axios порталы булактарына таянуу менен Трамп Хаменеиге жазган катында жаңы өзөктүк келишимди түзүү үчүн эки айлык мөөнөт белгилегенин кабарлаган. Кийин кат Ирандын тышкы иштер министринин колуна Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү аркылуу тийгени маалым болгон. Андан соң Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү каттын мазмуну Трамптын ачык эле жасап келген билдирүүлөрүнөн айырмаланбай деле турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: