Грек-рим күрөшү боюнча курама Амман шаарынан кайтып келди





Бүгүн, 28-мартта грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунан кайтып келишти. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алышты.
Эске салсак, мелдеште 67 килограммга чейинки салмакта Раззак Бейшекеев күмүш медалга, 77 килограммга чейинки салмак категориясында Ырыскелди Максатбек уулу коло медалга ээ болду.
Улуттук курам башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу, улук машыктыруучулар Азат Бейшебеков жана Атай Замирбековдун (U-23) жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.