super.kg logo

Путин АКШнын Гренландияны кошуп алуу планы боюнча үн катты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын Гренландияны аннексиялоо планы бүгүн эле көтөрүлгөн маселе эместигин белгиледи. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"АКШнын Гренландияны аннексиялоо пландары тууралуу бардыгы билет. Бул кимдир бирөөнү таң калтырышы мүмкүн. Муну Американын жаңы администрациясынын кандайдыр бир ашыкча сүйлөшүүлөрү деп ишенүү терең жаңылыштык", - деген ал Арктика – баарлашуу аймагы аттуу эл аралык форумда.

Маселенин тарыхына токтолгон Путин АКШнын мындай планы 1860-жылдары да болгонун эске салды. Анын айтымында, Вашингтон ошол учурда дагы Гренландия менен Исландияны аннексиялоо мүмкүнчүлүгүн караштырган. Бирок ал план Конгресстин колдоосуна ээ болгон эмес. Путин ошондуктан бүгүнкү болуп жаткан окуяларда таң каларлык эч нерсе жок деп белгилеген.

Айта кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын курамындагы аралды Кошмо Штаттарга кошуу керек деген пикирин кайталап айтып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: