super.kg logo

Алматыдан Вьетнамга учуп бара жаткан учак кайра кайтып келди 

 

Алматыдан Вьетнамга бара жаткан учак бир нече саат абада жүргөндөн кийин учуп кеткен аэропортуна кайтып келүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка ылайык, "Air Astana" авиакомпаниясынын учагы 3 саат 28 мүнөт учуп, андан соң Алматыга авариялык конуу жасаган.

"28-мартта түнү учкан учак техникалык себептерден улам Алматы аэропортуна авариялык конууга мажбур болду. Терминалда рейсти күтүү учурунда жүргүнчүлөргө ысык тамак жана суусундуктар берилди. Ал эми каалаган жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылды. Жүргүнчүлөр саат 07:15те башка учак менен көздөгөн жерине жөнөтүлгөн", - деп билдирген аталган авиакомпания.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: