Владимир Зеленский Трамптан эмне керек экенин айтты
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Дональд Трамптан эмне керек экенин айтты.
"Биз Америкадан эмнени каалайбыз, президент Трамптан эмне керек? Мен ага бул тууралуу сүйлөшүүбүздүн биринчи күнүнөн баштап айтып келем. Мен үчүн Украина бул сүйлөшүүлөрдө күчтүү позицияда экени маанилүү. Анткени бизде согушту жөн эле токтотпостон, аны адилеттүү, туруктуу, тынчтыкта токтотуу мүмкүнчүлүгү болушу керек... Мен АКШдан ушул кепилдиктерди алгым келет", - деп келтиришет анын сөзүн чет элдик басылмалар.
Ошондой эле Зеленский Вашингтон Орусия тараптан болгон мыйзам бузууларды каттабай, антиорусиялык санкцияларды жеңилдетүү маселесин талкуулай баштаса, анда АКШ президентине ишенбей турганын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.