super.kg logo
  Саясат  

БШК Султанбай Айжигитовдун депутаттык мандатын алды

 

Бүгүн, 28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун депутаттык каттоосун жокко чыгаруу маселесин карады.

Жыйында БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 27-мартта УКМКдан БКШнын дарегине депутат Султанбай Айжигитов боюнча кат келип түшкөнүн айтты.

Жыйында УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айтты. Ал депутаттыкка талапкер болгон кезде БШКга кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу кабар бербей жашырып койгон деп эсептейт. Жыйынга эл өкүлү өзү да катышты.

БШКнын чечимине ылайык, Султанбай Айжигитовдун депутаттык мандаты алынды.

Тынчтык Шайназаров эл өкүлүнө кайрылып, БШКнын чечимине нааразы болсо, сотко кайрылса болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Айжигитов 2021-жылы "Ыйман нуру" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Эске салсак, парламенттин 5-марттагы жыйынында Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишиминин долбоору боюнча өз позициясын билдирген. Эл өкүлү билдирүүсүнөн кийин кесиптештеринин талоонунда калып, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Ал эми 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Айжигитовду оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган чек ара келишими боюнча коомдо туура эмес пикир жаратты деп айыптап, керек болсо эл өкүлү депутаттыкка мыйзамсыз жол менен келген деген таризде анын мандаты караларын айткан.

Мындан улам Султанбай Айжигитов парламенттен ага жакшы сөз берилбей жатканын жүйө кылып, бул боюнча кенен талкуу кылуу үчүн Ташиевди дебаттка чакырган. Анда УКМК башчысы өзүнүн ордуна аны менен дебатка БШК чыгарын айтып күлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: