super.kg logo

"Жүр, ээрчишип кетели өрүкзарга". Баткендин "сакурасы" гүлүн ачты (видео)

 
Дүйнөгө өзүнүн өрүгү менен таанылган Баткенде өрүк гүлдөдү. Учурда өрүкзар аппак гүлүн ачып, айланага көрк берип, абаны керемет жыты менен ээлеп алган кези. Ажайып кооз көрүнүштү көрүү үчүн Баткенге барууну сунуштайбыз.
Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун айрымдар Япониядагы сакура менен салыштырат. Япондор дүйнөгө сакуранын гүлдөшүн даңкташса, Баткен өрүкзардын ажайып гүлдөшүн сөз кылат.
Өрүкзар гүлүн апрелдин башында төгүп, мөмөсү июнь, июль айларында бышат. Сөз кылгандай эле өрүк Баткендин бренди жана да негизги киреше тармагы болуп саналат.
Баткен облусунда 10 миң гектардан ашык өрүкзар болсо, аймакта өрүктүн 20дан ашык сорту бар. Ошондой эле ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот.





Баткенде өрүк гүлдөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: