super.kg logo

Султанбай Айжигитов Ташиевдин үстүнөн президентке арызданганын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы президентке кайрылганын айтты. Ал бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) анын мандатын алуу боюнча чыгарган чечими тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып билдирди.

Ал БШКнын чечими мыйзамсыз экенин, анткени бүгүнкү жыйынга соттуулугу жок деген Ички иштер министрлигинен тастыктама алып келгенин белгилеген.

"Мен Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча президентке, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин төрагасына арыз жаздым. Анын кылган иштери Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесине – бийликтен аша чабуу, мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу, адам укугун бузуу жана Конституцияны басмырлоого туура келип жатат. Андан ары кандай болот, көрөбүз", - деген ал.

Айта кетсек, эл өкүлү бүгүн, 28-марттагы БШКнын жыйынында мандатынан ажыратылды. Мындан он күн алдын Ташиев депутатка мандаты караларын эскерткен болчу. Тагыраагы, 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Айжигитовду оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган чек ара келишими боюнча коомдо туура эмес пикир жаратты деп айыптаган. Ошондой эле ал эл өкүлүнө 2017-жылы бир баланы урганы үчүн кылмыш иши ачылганын, кийин депутат кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткенин айткан. Андан ары Ташиев сөзүн кийин Айжигитов шайлоого катышып жатып, ошол соттуулугу боюнча документтерди БШКга бергенин, андыктан анын мандаты мыйзамсыз болуп каларын айтып кошумчалаган.

Буга Султанбай Айжигитов да жооп берип, ага ачылган кылмыш иши далилденбегенин, кийин алар мөөнөтү өтүп кетти деген таризде жаап коюшканын белгилеп, кезинде Ташиевге деле иш козголгонун эске салган. Айжигитов ошол жыйында парламенттен ага жакшы сөз берилбей жатканын жүйө кылып, бул боюнча кенен талкуу кылуу үчүн Ташиевди дебатка чакырган. Анда УКМК башчысы өзүнүн ордуна аны менен дебатка БШК чыгарын айтып күлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: