Азия чемпиондугу: Калмира Билимбек кызы коло медаль алды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болду.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти кабарлагандай, спортчу 62 килограммга чейинки салмакта катышкан.
Алгачкы 1/4 финалдык беттеште Өзбекстандын балбанын 10:4 эсебинде жеңип, жарым финалдык беттеште индиялык балбанга 5:1 эсебинде жеңилген.
Коло медаль үчүн беттеште казакстандык балбанды 10:3 эсебинде жеңип, Азия чемпиондугунда 3-орунду ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.