super.kg logo

ЖМК: Мьянмада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 600дөн ашты

 

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 694кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалым болгондой, дагы 1670 адам жаракат алган.

"Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 694кө жетип, 1670 адам жаракат алды", - деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөнүн премьер-министри Мин Аун Хлайн жер титирөөдөн жабыркаган райондордун өкмөтүнө жана бийлик органдарына табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү жана башка зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Айта кетсек, кечээ, 28-мартта Мьянмада күчү эпицентринде биринчисинде 7,7, ал эми экинчи ирет 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен тарыхый имараттар жарым-жартылай талкаланган.

Буга чейин жаратылыш кырсыгынан 144 адам каза болгону кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: