super.kg logo

УКМК Каракол шаарынын биринчи вице-мэрин кармады (видео)

 

Бүгүн, 29-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Каракол шаарынын биринчи вице-мэри кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тактагандай, 2021-2022-жылдары Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы тарабынан 8312,9 чарчы метр жер тилке бөлүнүп, аукционго коюлган.

Андан соң аукционго коюлган 8312,9 чарчы метр жер участокко көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн МИКке берүү пландаштырылган.

"Ошону менен бирге Каракол шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын башында турган Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А., жер тилкени МИК ААКга өткөрүп берүү пландаштырылып жаткандыгын билип туруп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, аталган кыймылсыз мүлктү А.Н.К. аттуу Кыргыз жаранына менчикке берүү үчүн аукцион өткөргөн.

Андан кийин Каракол шаарынын мэриясынын Жер комиссиясы А.Н.К. аттуу жаранга Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин берүү жөнүндө чечим чыгарат. Жер тилкесинин наркы аукциондо сунушталган суммадан алда канча жогору" деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Э.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.






29.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: