super.kg logo

Төрага Тургунбек уулу Аксыда жаңы мектептин пайдубалына капсула салды

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксынын Жылгын айылындагы М.Барпиев атындагы №19 орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуубүгүн, 29-мартта парламенттен кабарлашты.
Белгиленгендей, 3 кабаттан турган мектеп 225 орунга ылайыкташтырылган. Ал эми анын курулушуна жалпы 80 миллион сомго жакын каражат жумшалары мерчемделүүдө.
Жаңы мектептин пайдубалына мезгил кутусун салган төрага ушул куттуу жайдан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан уул-кыздар өсүп чыксын деген тилегин билдирди.
“Касиеттүү Аксы жергеси таанымал инсандары менен тарыхта калган. “Аккан арыктан суу агат” - дегендей, Жылгын айылынан да кызыл байрагыбызды бийиктерде желбиреткен таланттуу балдар чыгарына терең ишенем”, - деген төрага.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: