super.kg logo

Касым-Жоомарт Токаев Бишкектеги мектепке автобус берди (фото)

 

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Бишкектеги №33 мектеп-гимназиясына окуучулар үчүн автобус белек кылды. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында бул мектепте анын атасы, жазуучу Кемел Токаев билим алган.

Кечээ, 28-мартта Казакстандын өлкөдөгү элчиси Рапил Жошыбаев автобустун ачкычын аталган гимназиянын директору Таалайкүл Ашимовага салтанаттуу түрдө тапшырды.

"Согуш баатырларын эскерүү жана президенттин атасы билим алган мектепке урмат көрсөтүү максатында Казакстан президентинин белеги тапшырылды" деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле гимназияда Касым-Жомарт Токаевдин кыргыз тилине которулган "Ата жөнүндө баян" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага Президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, билим берүү министрлигинин жана шаардык мэриянын өкүлдөрү катышты.







29.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: