Алтын уткан Айпери Медет кызы япон кыздары менен тренд бийледи (видео)
Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан Айпери Медет кызы япон кыздары менен тренд бийледи. Бул тууралуу видео Бириккен Күрөш Уюмунун (UWW) социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Айта кетсек, Айпери Медет кызы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын байге уткан. Муну менен ал үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.
Буга чейин ал 2022-жылы Улан-Батордо жана 2024-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда алтын байге уткан.
30.03.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.