Азия чемпиондугу: Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозбек Токтомамбетов Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду. Бул туурасында Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Спортчу 74 килограммга чейинки салмакта катышты.
Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык балбанды, чейрек финалда Кореянын балбанын утуп жарым финалга чыкты.
Ал эми 1/2 финалдык беттеште Өзбекстандын балбанын 10:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Нуркожа Кайпановго 2:1 эсебинде утулуп, Азия чемпиондугунун күмүш медалына ээ болду.
Айта кетсек, мелдеш Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.