super.kg logo

Иран Индия океанындагы америкалык базага сокку урууга даяр

 

Тегеран АКШ тараптан чабуул болгон учурда Индия океанындагы америкалык Диего-Гарсиа базасына сокку урууга даяр. Бул тууралуу Telegraph басылмасы Ирандын жогорку даражалуу аскер кызматкерине таянып жазды.

"Тегеран АКШнын ар кандай чабуулуна жооп иретинде АКШ менен Улуу Британиянын биргелешкен деңиз күчтөрүнүн Диего-Гарсия базасына сокку урат... Эгер аймактагы кайсы бир базадан Иранга чабуул жасалса, Британия менен Американын күчтөрүн бутага алууда эч кандай айырма болбойт...

Америка, Британия же Түркия аскери болбосун, эгер сиздин базаңыз америкалыктар тарабынан колдонулса, сиз бутага алынасыз", - деп жазат басылма.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп эгер тараптар Тегеран өзөктүк курал жасабайт деген келишимге жетишпесе, Иран бомбалоого кабыларын айтып коркуткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: