Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы менен тет-а-тет сүйлөшүүлөрүн өткөрдү (видео)
Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
"Тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы этабын белгилеп, туруктуу тынчтык, экономикалык өнүгүү жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулукту чыңдоо үчүн бекем пайдубал түзөрүнө ишеним билдиришти", - деп белгиленген маалыматта.
31.03.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

