super.kg logo
  Саясат  

“CASA-1000”: Кыргызстан менен Тажикстан биргелешип электр энергиясын экспорттойт 

 
Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте “CASA-1000” долбоорунун алкагында видеоконференция байланыш режиминде 500 киловатт “Датка-Сугд” аба чубалгысын ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалымдалгандай, лидерлер бул долбоордун өзгөчө мааниси бар экенин белгилешти. Анткени ал эки өлкөнүн энергосистемаларын бириктирет, энергетикалык коопсуздукту бекемдейт жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда. 2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда "CASA-1000" долбоорунун алкагында курулуш иштери аяктады. Жашыл электр энергиясы Кыргызстан менен Тажикстандын жай мезгилинде Афганистан менен Пакистанга экспорттолот.
Ошондо "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруунун алкагында жаңы энергетикалык объектилер курулган: Кыргызстандын Датка көмөкчордонунан Тажикстандын 500 киловатт Сугд көмөкчордонуна чейин узундугу 480 чакырымга жакын 500 киловатт электр берүү линиясынын курулушу аяктады.
Аталган долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 1243 түркүк орнотулуп, узундугу 456 чакырым электр берүү линиясы, ошондой эле Датка көмөкчордонунда кошумча 500 киловатт уяча курулду. Аталган көмөкчордонунан электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин өтөт.
"CASA-1000" долбоору Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы баракты ачууда, ал ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого, калктын бакубаттуулугун жакшыртууга жана региондо туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзөт.





CASA-1000

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: