super.kg logo

Султанбай Айжигитов БШКны сотко берди

 

Мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутатты Султанбай Айжигитов Борбордук шайлоо комитетине каршы доо арыз менен Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Тимур Иманкулов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Ал арыз бүгүн, 31-мартта берилгенин, бардыгы мыйзам чегинде болоруна ишенерин айткан.

Эске салсак, БШК 28-марттагы жыйынында Айжигитовду мандатынан ажыраткан. Эл өкүлү чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын белгилеп, анын мандатын кароо боюнча БШКга кат жолдогон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн президентке, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин төрагасына арыз жазганын айткан.

БШК чечим кабыл алардан он күн алдын Ташиев депутатка мандаты караларын эскерткен болчу. Тагыраагы, 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Айжигитовду оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган чек ара келишими боюнча коомдо туура эмес пикир жаратты деп айыптаган. Ошондой эле ал эл өкүлүнө 2017-жылы бир баланы урганы үчүн кылмыш иши ачылганын, кийин депутат кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткенин айткан. Андан ары Ташиев сөзүн кийин Айжигитов шайлоого катышып жатып, ошол соттуулугу боюнча документтерди БШКга бергенин, андыктан анын мандаты мыйзамсыз болуп каларын айтып кошумчалаган.

Буга Султанбай Айжигитов да жооп берип, ага ачылган кылмыш иши далилденбегенин, кийин алар мөөнөтү өтүп кетти деген таризде жаап коюшканын белгилеп, кезинде Ташиевге деле иш козголгонун эске салган. Айжигитов ошол жыйында парламенттен ага жакшы сөз берилбей жатканын жүйө кылып, бул боюнча кенен талкуу кылуу үчүн Ташиевди дебатка чакырган. Анда УКМК башчысы өзүнүн ордуна аны менен дебатка БШК чыгарын айтып күлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: