super.kg logo
  Саясат  

"Монстр болуп алгансыңар". Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигин реформалоо керектигин айтты (видео)

 

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигин реформалоо керектигин айтты.

Ал сугат сууга болгон тарифтин көтөрүлгөнүнө нааразычылык бар экенин белгилеп, азыркыга чейин бирдиктүү тариф коюлбаганын сынга алды.

"Айыл чарба министрлигин реформалоого убакыт жетти, керек болсо ашып баратат. Айыл чарба иштери башталды, булар болсо эмгиче тарифтерин беките элек... Жөн эле отурасыңар, бул жакта бүт баарыңар чиновник болуп алгансыңар. Юстиция министрине кайрылат элем, ушунун баарын карап чыгыш керек. Жөн эле "монстр" болуп алгансыңар да...

Азыр бир сугатка 500 сом сурап жатасыңар, бул бир эле сугат. Эртең менен жарым гектарың сугарылбай калса, кайра 500 сом төлөшүң керек. "Азыр карап жатабыз" дейсиңер, эмнени карап жатасыңар? Өлкөнүн жарымында сугат бүтүп калды", - деди ал.






Балбак Түлөбаев 31.03.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: